Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Түркияда шахтадагы кырсыкка байланыштуу 18 адам кармалды


Түркияда шахтадагы жарылууга байланыштуу өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган деген кине менен 18 адам кармалды. Түрк маалымат каражаттарынан белгилүү болгондой, кармалгандардын арасында көмүр шахтасынын жетекчилигинин өкүлдөрү дагы бар.

13-майдагы Манис аймагында жайгашкан Сома шаарындагы шахтадагы жарылуудан 301 адам курман болгон. Куткаруу иштери ишемби күнү, акыркы эки жумушчунун сөөгүн алып чыккан соң аяктаган.

Өлкө бийликтери жана шахтаны көзөмөлдөгөн көмүр ишканасынын жетекчилиги аларга коюлган айыптарды четке кагып, шахтада текшерүүлөр өз убагында жүргүзүлүп турганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG