Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Украинанын чыгышында Орусиянын эки журналисти кармалды


Украинанын Коргоо министрлиги жекшембиде Краматорск аймагында орусиялык журналисттер кармалып, күч органдарына өткөрүлүп берилгенин маалымдады. Орусиялык маалымат булактары алар LiveNews телеканалынын кабарчылары Олег Сидякин жана Марат Сайченко экенин жазып чыгышты. Журналисттер кармалгандан көп өтпөй News Media ишканасынын жетекчилиги орус Тышкы иштер министри Сергей Лавровго кайрылып, кабарчыларды бошотууга көмөктөшүүнү суранды.

Украинанын аскерий-саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Дмитрий Тымчук "Фейсбуктагы" баракчасына Украинанын чыгышында өкмөт күчтөрү антитеррордук аракеттерди жүргүзүп жаткан учурда бир топ жикчилер колго түшкөнүн, алардын экөө өздөрүн журналист деп тааныштырганын жазды.

XS
SM
MD
LG