Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Айыл өкмөт башчылары парламент депутаттарына отчет берет


Бүгүн Ош облусунун Алай, Өзгөн, Кара-Суу райондорундагы бир катар айыл өкмөт башчылары жана Ош шаар мэри бюджеттен бөлүнгөн каражатты эмнеге, кантип жумшап жатканы тууралуу парламент депутаттарына отчет берет.

Жергиликтүү бийлик башчылары негизинен жыл башынан бери коротулган акча боюнча сөз кылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин көчмө жыйыны облустук администрацияда өтөт.

Отурумга каржы министри Ольга Лаврова, Салык жана Бажы кызматтарынын жетекчилери да чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG