Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Жол кайгуул кызматында коррупцияга каршы күрөш начар деп бааланды


Кыргызстандын Коргоо кеңеши Жол кайгуул кызматындагы коррупцияга каршы күрөштү жетишсиз деп баалады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо кеңешинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кеңеш алдында түзүлгөн жумушчу топ Жол кайгуул кызматындагы коррупцияга каршы күрөш боюнча кабыл алынган пландын аткарылышын талкуулап, аны канааттандыраарлык эмес деп тапты. Мындан улам ички иштер министри Абдылда Суранчиев менен жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талант Исаевге бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырылып, бир айлык мөөнөт чектелди.

Эгер бул мөөнөт ичинде иш жанданбаса, Коргоо кеңеши аталган жетекчилердин жоопкерчилиги каралаарын эскертүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG