Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Кримтөбөл Камчы Көлбаев 8-июнда боштондукка чыгат


Камчы Көлбаев Бишкектин Биринчи май райсотунда, 18-апрель, 2013.
Камчы Көлбаев Бишкектин Биринчи май райсотунда, 18-апрель, 2013.
Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Көлбаев боюнча Жогорку Сот акыркы чечимди кабыл алды. Ага ылайык, Көлбаевдин абактагы жаза өтөө мөөнөтү 8-июнда аягына чыгат.

“Көлбаев боюнча тергөөнү жакшы эле жүргүзгөнбүз. Бирок ишти караган соттор Көлбаевге тагылган уюшкан кылмыштуу топту түзгөн деген айып боюнча актап салышты. Биздин соттордо бул берене боюнча чечим кабыл алуу тажрыйбасы жок окшойт", - деди Суранчиев.

Министр кошумчалагандай, Көлбаев боштондукка чыккан соң милиция аны көзөмөлгө алып, тиешелүү иштерди жүргүзмөкчү.

Өткөн жумада Жогорку Сот кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаевдин ишин карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүнө калтырган. Ага чейин шаардык сот Көлбаевди 3 жылга эркинен ажыраткан эле.

Камчы Көлбаев 2012-жылдын декабрында Араб Эмираттарынан Бишкекке алынып келинген. Аны АКШ дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизген.(BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG