Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Кыргызстанда грант эсебинен 22 оорукана оңдолот


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимди жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган келишимге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын колдоо үчүн 11 миллион долларлык грант бөлөт. Бул каражат өлкөдөгү эне жана баланын саламаттыгын чыңдоого жана ооруканалардын имараттарын оңдоо иштерине жумшалмакчы. Учурда 22 оорукананын имаратын оңдоо мерчемделүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG