Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

Абасовдун өлүмү боюнча кримтөбөл Көлбаевдин иниси суралды


Белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмү жана ишкер, “Интел-Линкс” ишканасынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойдун иши боюнча кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү делген Камчы Көлбаевдин иниси суралууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Калыбек Сатыбалдиев бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Абасовго кол салуудан бир аз мурда Цой Көлбаевдин иниси менен Чолпон-Атада жолуккан. Сатыбалдиев учурда бир катар фактылар дайын болуп жатканын билдирип, бирок аны тергөө кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгаруудан баш тартты.

Кикбоксчу Руслан Абасов 27-мартта өзү айдап бараткан “Тойота Лендкрузер” унаасынын жарылышынан каза тапкан. Милициянын маалыматына ылайык, жардыргыч зат айдоочу отурган орундуктун астына коюлган. Андан соң ишкер Дмитрий Цой кармалган. Ички иштер министрлиги Цойдун Абасовдун өлүмүнө да катышы иликтенип жатканын билдирген. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG