Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Балканда суу ташкын 44 адамдын өмүрүн алды


Босния жана Сербиянын айрым бөлүктөрүндө селден кийинки тазалоо иштери жүрүүдө. Сава дарыясы дагы эле кирүүдө. Акыркы күндөрү болгон суу ташкындан Сербияда 16 адам, Боснияда 27 жана Хорватияда 1 адам набыт болду. Бул жөнүндө Сербиянын премьер-министри Александр Вучич 18-майда Белгардда өкмөттүк жыйында маалымдап, суу ташкын Балканда соңку бир кылымдагы эң чоң апаат болгонун белгиледи: "Адамдар бул сыяктуу топон суу 100 жылда эмес, 1 000 жылда да болбосун билиш керек.”

Бул үч мамлекеттин жетекчилиги күн ысып кеткенге байланыштуу суу ташкында өлгөн миңдеген мал-жандыктардын тарпы, ылай суу жугуштуу оорулардын жайылышына алып барат деп чочулашууда.

Сербиянын борбору Белградда жана Босния жак чек арасында дарыялардын деңгээли дале пастай элек. Босниянын үчтөн бир аймагы табигый кырсык менен күрөшүүдө. Өлкөнүн түндүк-чыгышында 300дөй жер көчкү катталганы маалымдалды.

Босния өкмөтү сел 1992-95-жылдардагы согушта миналанган жерлерди жууп, коркунуч жөнүндө эскерткен белгилерди алып кетет деп кооптонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG