Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Каннда кыргыз режиссерунун тасмасы көрсөтүлдү


Кыргызстандык кинорежиссер Айгүл Баканованын тасмасы 15-майда Канндагы режиссерлор жумалыгында көрсөтүлгөнүн бүгүн Кыргыз кинематографиясын өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Баканова Канндагы “Түндүк фабрика” долбооруна катышкан. Анда Дания, Финляндия, Франция, Улуу Британия, Аргентина жана Кыргызстандан келген режиссерлор төрт кыска метраждуу тасма тартты. Алардын бири Айгүл Баканова ушу тапта даниялык режиссер Милад Алами менен бирге тарткан Void деп аталган тасма Канндагы режиссерлор жумалыгында көрсөтүлдү.

Лондондогу Кино мектебинин бүтүрүүчүсү Айгүл Баканованын “Жамгыр” аттуу тасмасы буга чейин 30га жакын эл аралык фестивалдарда көрсөтүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG