Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 17-18-майда болуп өткөн тестирлөөнүн биринчи этабына 49 миңден ашуун окуучу катышты. Тестирлөөнүн экинчи этабы 20-22-майда өтөт.
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнү “Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмалары” борбору уюштурууда. Бул борбор республикалык тестирлөөнү 2002-жылдан бери өткөрүп келет. Быйылкы тестирлөө кыргыз жана орус тилинде гана өткөрүлүүдө. Буга чейин окуучулар өзбек тилинде да тест тапшырчу.(BkA)