Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56
Бул тууралуу Кытайдагы сапар учурунда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин жолугушуусунда, Кытай лидери өз өлкөсүндөгү 2-3 ири компания “Манас” аэропортун эл аралык хаб, же жүргүнчү жана жүк ташуучу транзиттик борборго айландыруу долбооруна кызыгуусун билдирген. Мындан улам жакынкы келечекте "Манасты" өнүктүрүү иши кытайлык компанияга тийип калышы мүмкүндүгүн Абдылдаев четке каккан жок.

Буга чейин кыргыз өкмөтү "Манас" эл аралык аэропортунун акцияларынын 51 пайызын "Роснефть" ишканасына өткөрүп берүү боюнча меморандумга кол койгон. Бирок бул меморандум коомчулуктун кескин сынына кабылган. Мындан соң президент Алмазбек Атамбаев орусиялык компания ал келишимден баш тартканын билдирген болчу. "Манас" аэропортунун жетекчилиги бул долбоор үчүн 8 чет элдик компаниядан сунуш түшкөнүн кабарлаган.(VD/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG