Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Расмуссен: Орусия фундаменталдык идеяга коркунуч жаратууда


НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен 19-майда Брюсселде кабарчылар менен кездешүүдө Орусиянын Украинага каршы агрессиясы фундаменталдык идеяга - “эгемендүү мамлекеттин өз жолун тандоо укугуна коркунуч жаратат” деди. Анын айтымында, бүгүн Европа коопсуздуктун “алдын-ала болжоп болбогон жана бир кыйла коркунучтуу” жаңы кырдаалына бет келди. Тилекке каршы, альянста Орусиянын өз аскерлерин Украинанын чыгышынан чыгарып кеткенин күбөлөгөн эч кандай далилдер жок, - деди Расмуссен.

19-майда президент Путин Украинага чектеш үч облустагы маневрга катышкан орусиялык аскерлерге өз бөлүктөрүнө кайтууну буйруган эле. Бул тушта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы кризистен улам Москванын Батыш менен болгон мамилесин “терең карап көрүүгө” чакырды.

XS
SM
MD
LG