Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Нарында 30 чакты адам ууланды


Нарын облустук ооруканасынын инфекция бөлүмү, 19-май, 2014.
Нарын облустук ооруканасынын инфекция бөлүмү, 19-май, 2014.

Нарындын Куланак айылында отуздай адам тамак-ашка ууланып, облустук ооруканага жаткырылды.

Уулангандар 14-майда ошол айылдын бир үйүндөгү Куран окутуу үчүн жайылган дасторкондо чогуу болушкан. Ал дасторкондон даам сызган 50 чамалуу кишинин ичинен 30 чактысы үйлөрүнө баргандан кийин саламаттыгы начарлап, догдурга кайрылышкан, айрымдары тез жардам аркылуу жеткирилген.

Алардын арасында дасторкон ээси Атыргүл Урмамбетова да ооруканада жатат. Анын айтымына караганда, батага эки кой союлган, дасторконго Бишкектен туугандары алып келген жаңы бышкан жер-жемиштен жасалган салаттар коюлган:

- Бардык конокторду чакырганбыз. Кадимкидей эле конокко даярдандык. Койду айылдан алып сойдук, азык-түүлүктү шаардан келиним алып келди. Аламүдүн базарынан алган экен, алма, помидор, бадыраң жана башка дасторконго керектүү оокаттарды.

Үй ээси адатта тамак-аштан ууланганда кусуп же ичи өтсө, анын үйүнөн ууланды дегендердин дене табы көтөрүлүп, түшпөй жатканын айтат:

- Салаттан көрүп жатышкан,эми кайра эттен көрүп жатышат. Ууланганда адам кусат экен, биздики ичибиз өтүп, башыбыз ооруп, табыбыз түшпөй жатат.

Ооруканада жаткан келиндердин бири Жумагүл болсо ден соолугу жакшы болбой жатканына кейиди:

- Кечээ жакшы болчумун, бүгүн кайра шалдырап калыптырмын. Калчылдап кан басымым түшүп жатат. 14-майда эле башталды, мен салаттан эле көрөм.

Канткен менен азырынча уулануунун так анализи чыга элек. Азыр Нарын облустук оорукананын инфекция бөлүмүндө 30 адам дарыланууда. Алардын алтоо эркек, калганы аялдар жана 3-4 кичинекей бала бар.

Бөлүм башчысы Калбүбү Касмалиева буларды айтат:

- Биринчи келгенде биз салаттан деп жатканбыз. Анан акыркылары алып барган устуканды жегендер келип түштү. Азыр биз башка бактерия го деп жатабыз. Ал микроб этте, жумурткада көпкө сакталат. Азыр уулангандардын абалы орто, жакшы болуп калды. Айылдан катуу ооруп келишкен.

Өзүн Сакен деп тааныштырган аталган айылдын дарыгери дагы ооруканада жатат. Ал уулануунун себебин тамак-аш коопсуздугуна көзөмөл жоктугунан көрөт:

- Айыл-апага эми толгон азык-түүлүк келет. Ошолор эмне болуп келип жатат, курамы эмне, эмнеде саккталып, эмне менен ташылып келип жатат? Муну эч ким билбейт, балким атайын уу болсочу? Ушундай азап болду...

Кыргызстанда акыркы бир жарым айда эле үчүнчү массалык уулануу болуп жатат. Буга чейин Жалал-Абадда жана Бишкекте тамак-аштан уулануу болгон. Адистер өзгөчө жай-күз айларында көпчүлүккө тамак берилген жерден тамактанууда этият болууну эскертип келишет.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG