Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

АКШ Кытайдын беш жаранын кибертыңчы деп айыптоодо


АКШ бийлиги америкалык компанияларда иштеп жүргөн кытайлык беш жаранды кибертыңчы деп күнөөлөп жатат. “Вашингтон пост” гезити дүйшөмбүдө жазган маалыматка ылайык, бешөө тең Кытай армиясынын офицерлери. Алар Alcoa, Westinghouse, United States Steel компанияларында иштеп жүрүшкөн.

АКШ баш прокурору Эрик Холдер кытайлык офицерлердин тыңчылыкка күнөөлөнүп жатышы кооптонууга негиз болушу зарылдыгын белгиледи.

Кытай Тышкы иштер министрлиги бул айыптоону негизсиз деп атады.

2013-жылдын февралында америкалык Mandiant коргоо бюросу жарыялаган докладда Кытай өкмөтү чет мамлекеттердеги сырдуу маалыматтарды билүү үчүн атайын бөлүк түзгөнү жазылган.

XS
SM
MD
LG