Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Футбол: Кыргызстан Палестинага утулду


“Азия чакырык кубогунун” финалдык оюндарынын 19-майдагы биринчи беттешүүсүндө футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы жеӊилип калды. Мелдеш Мальдив аралдарындагы Мале шаарында өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын өкүлү Канат Асенов кабарлады.

Мелдештин негизги убактысына жапониялык калыс 6 мүнөт кошуп, ал убакыт ичинде палестиналыктар эсепти ачууга үлгүрүштү. Кыргызстандын дарбазасына топту палестиналык футболчу Абдулхамид Абдулхабиб киргизди.

Эми кыргызстандык футболчулар Мьянма жана Мальдив аралдарынын командаларын утса гана жарым финалда ойноо укугун алышат. Кыргызстан курамасы Мальдив аралдарынын командасы менен 21-майда беттешет. (КМа)

XS
SM
MD
LG