Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Активист Алмаз Тажыбай бошотулду


Бүгүн милиция кармап кеткен активист Алмаз Тажыбай бошотулду. Анын "Азаттыкка" айтымында, Бажы биримдигине каршы акцияны өткөрүү тууралуу Бишкек шаардык мэриясына кабар берилип, уруксат алынган болчу. Буга карабай аны борбордун Биринчи май райондук милиция өкүлдөрү үч саат кармап турду. Муну Алмаз Тажыбай бүгүнкү акцияны үзгүлтүккө учуратуу үчүн өкмөттүн жасаган аракети катары баалады.

Ал эми Тажыбайдан соң кармалган "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” уюмунун 5 мүчөсү жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров дале Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө кармалууда. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG