Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Орус жана кытай президенттери Шанхайда жолугушту


Орусия жана Кытай эки өлкө ортосундагы мунай тармагындагы кызматташууну тереңдетип жана орус газынын Кытайга жеткирилишин тездетүүнү көздөшөт.

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин жана Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин Шанхайдагы жолугушуусунан кийинки бирдиктүү билдирүүсүндө айтылат.

Путиндин Кытайга болгон эки күндүк сапарында бир нече миллиарддык газ келишимине кол коюлары күтүлгөн. Батыш агенттиктери билдиргендей, Украинанын айынан Европа менен мамилеси салкындап калгандан кийин Москва газ сатууда башка өнөктөштөрдү издөөдө.

Кытайга болгон сапардын алкагында Путин экөө өлкөнүн аскерий окууларына катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле ал Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу кеңешмесине катышат. Бул саммитке 11 мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын, Ирандын, Өзбекстандын да президенттери келишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG