Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Атамбаев Шанхайда чек ара маселелерин көтөрөт


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Шанхайда ачылып жаткан Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу кеңешмесинин саммитинде чек ара чатактарын жөнгө салууда күч колдонбоого үндөйт. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев саммитти утурлай өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан үчүн учурда Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактардагы коопсуздук баарынан маанилүү. Ошондуктан Шанхай саммитинде чек ара чатактарын күч колдонбой чечүүнү макулдашуу зарыл деген пикирди айтып чыгат.
Кыргызстан, Орусия, Иран, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын президенттери баштаган 20 өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган саммитте эки тараптуу жолугушуулар болоору тууралуу маалымат жок.

Ушул күндөрү президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз делегациясынын Кытайдагы мамлекеттик сапары уланууда. Бүгүн кыргыз президенти Азия өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуу кеңешинин жыйынына катышат. (VD/BkA)

XS
SM
MD
LG