Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Кумтөр келишими кечигүүдө


Кумтөр алтын кениндеги жумушчу, 14-март, 2013.
Кумтөр алтын кениндеги жумушчу, 14-март, 2013.

Кумтөр боюнча меморандум кабыл алынганына төрт ай өткөнүнө карабай, “Центерра голд инк” менен жаңы келишим түзүү кечеңдеп жатат.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын “Центерра голд инк” компаниясы менен 50/50 пайыздык үлүштө биргелешип иштөө боюнча меморандумга кол койгон. Аны февраль айынын башында бир катар карама-каршылыктардан кийин Жогорку Кеңеш да колдоп берген. Ага ылайык, эки тараптуу сегиз келишим түзүлүүгө тийиш болчу. Бирок келишим качан түзүлөрү белгисиз бойдон калууда.

Келишим боюнча карама-каршылыктар көп


Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев келишимди түзүү кечиккенин өкмөт менен “Центерра” айрым маселелер боюнча орток пикир таба албай жатканынан көрөт:

- Менин оюмча, “Центерра” менен дагы карама-каршылыктар чыгып жатат окшойт. Кыргызстан экологиялык зыяндар боюнча ишкананы сотко берген. Ошол боюнча талаштар бар. Экинчиден, 2014-жылга Кумтөрдө кандай иштер жасалышы керектигин да өкмөт беките элек.


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев да чыны менен өкмөт жаңы келишимдерди түзүүнү кечиктирип жибергенине токтолду:

- Өкмөт сегиз макулдашууну даярдашы керек болчу. Биз аларга убакыт чектеп бергенбиз. Ал макулдашуулар парламенттен өтпөйт, болгону өкмөт ошолорго жетишүүсү керек болчу. Орто жолдо өкмөт алмашып кетти деп актанышы мүмкүн. Бирок чындап эле убакыттан кечигип жатканын өкмөт мойнуна алат болуш керек.


Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште талкууланганда, өкмөт мүчөлөрү ар бир күн “Центерранын” пайдасы үчүн иштеп жатканын, меморандум канчалык эртерек колдоо тапса, кендин пайдасын Кыргызстан ошончолук тез көрүп баштайт деп ишендирген болчу.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр оор жүрүүдө. Учурда бир катар багыттар боюнча эки тараптуу жумушчу топтор иштеп жатат.

- Финансылык, экологиялык, өндүрүш жана юридикалык багыттар боюнча иштер жүрүп жатат. Сүйлөшүүлөр оңой жүргөн жок. Карама-каршылыктар көп. Ал карама-каршылыктарды ыкчам чечкенге аракеттер көрүлүп жатат. Бул процесс дагы бир-эки айга чейин уланышы мүмкүн.


Кумтөрдүн планы бекий элек


Ал ортодо Кумтөр ишканасынын 2014-жылга кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорун өкмөт али беките электиги белгилүү болду. Бул өз кезегинде ишкана кен иштетүүнү токтотушу мүмкүн деген сөздөрдүн тарашына себеп болду.

17-майда Кумтөр ишканасынын кесиптик кошуунунун жетекчиси Алмазбек Жакыповго таянып, бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары Кумтөр ишканасы кен казуу ишин токтотууга даярдык көрүп жатканын жазышкан. Андагы маалыматтарда буга кыргыз өкмөтү кенди иштетүү боюнча 2014-жылга техникалык долбоорду бекитпегени себеп болгону айтылган болчу. Бирок 19-майда Кумтөр ишканасынын жетекчилиги кен казуу иши токтогону жатат деген маалыматты жокко чыгарды. Алар тараткан билдирүүдө азыркы тапта кенде толук кандуу иш жүрүп жатканы кабарлаган.

Ошону менен бирге Кумтөр жетекчилиги 2014-жылга кенди иштетүү боюнча техникалык долбоор тиешелүү органдарга жиберилгенине карабай, ал долбоор азыркыга чейин бекитилбей жатканын билдирген.

Геология жана жер ресурстары боюнча агенттигининин маалымат катчысы Касиет Карачолокова техникалык долбоор бекитиле электигин ырастап, анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Кумтөр ишканасы кенди чоңойтууга мажбур болуп жатат. Анткени кендин мындан аркы запастары кенди кеңейтүүгө байланыштуу. Бирок ал жердин үстүндө Давыдов мөңгүсү бар. Биз ошон үчүн макулдук берген жокпуз. Суу кодекси боюнча мөңгүнү бузууга болбойт. Мөңгүнү бузууга алардын уруксаты жок. 16-майда Кумтөрдөн бизге дагы бир кат келди. Карап чыгып ушул жумада жооп берилет.


Геология жана жер ресурстары боюнча агенттигинен билдиришкендей, бул Экологиялык жана коопсуздук боюнча инспекция, Айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоо агенттиги менен бирге өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстандын тиешелүү органдары ар жыл сайын кенди иштетүү боюнча техникалык долбоорду бекитип турушу керек.

XS
SM
MD
LG