Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кепилдик бербейт


Медведевдин айтымында, азыр эң башкы маселе - бул Украинадагы абалды жайгаруу. “Орусия Украинанын башка дагы бөлүктөрүн өзүнө кошуп алат”- деген сөздөр жөн эле пропаганда деп билдирди.

1994-жылдагы Будапешт меморандумуна ылайык, Украина ядролук программадан баш тарткандыгы үчүн АКШ, Орусия жана Улуу Британия Украинанын көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыздоого сөз беришкен.

Медведев 25-майдагы президентик шайлоонун жыйынтыгын Орусия тааныбай коюшу мүмкүн экенин айтты. Ал шайлоо тиешелүү деңгээлде өтөрүнөн жана анын жыйынтыгы украин элинин чыныгы каалоосун көрсөтөрүнөн күмөн санап жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы бул шайлоо “бийликтин антиконституциялык алмашуусунун” жыйынтыгы деп билдирди. Ошентсе дагы, Медведев президенттик шайлоо азыркы кырдаалдын чечилишин камсыздашы мүмкүн деп кошумчалады “Блумбергге” берген маегинде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG