Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Балкандагы сел миңдеген адамдарды көчүрүүгө мажбурлады


Босния, Сербия жана Хорватияда миңдеген адамдар акыркы жүз жылда бир жолу кайталанып жаткан эң катуу селден улам эвакуацияланышты. Өткөн жумада тынбай нөшөрлөп жааган жаан дарыяларды нугунан чыгарып, турак жайларды каптап кеткен.

Катуу жүргөн сел Боснияда 20, Сербияда 20, Хорватияда 2 адамдын өмүрүн алды.

Боснияда жер көчүп, бир топ үйлөр жана жолдор бузулду. Жер көчкүлөр 1992-95-жылдардагы согуштан калган мина талааларына дагы коркунуч туудурду.

Сербияда азыр Сава дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө. Белград шаарында Сава дарыясы Дунайга куят. Эки суу бириккенде дагы көтөрүлүп, нугунан ашып кетиши мүмкүн деп, өлкө бийликтери кооптонушууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG