Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Оторбаев: “Жол картаны” каржылоого каражат жок


Бажы биримдигине кирүүнүн жол картасында көрсөтүлгөн иш-чаралар үчүн 400 миллион доллар талап кылынат. Мындай каражат Кыргызстандын бюджетинде жок. Ошондуктан, өкмөт бул багытта Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдөн колдоо күтүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кирүү маселесин талкуулаган парламенттик угууда билдирди.

Кыргызстандын өкмөтү 12-майда Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картасын" кабыл алып, парламентке жөнөткөн. Жогорку Кеңеште бул боюнча парламенттик угуу өттү.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG