Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Кыргыз-тажик чегиндеги абал жетекчилер көзөмөлүндө


Кыргыз-тажик чек арасында абал тынчыбай жаткандыктан эки өлкө жетекчилиги улам талкуулап жатат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Кытайга мамлекеттик сапары учурунда журналисттерге билдирди. Президент чектеш аймактарында айрым учурларда элди козуткан айрым күчтөр бар деген ойду айтты.

"Эң башкысы чек ара чатактары күч колдонбой чечилиши керек" деп белгиледи Атамбаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын такталбаганынан улам кошуна жашаган эки элдин ортосунда мезгил-мезгили менен чыр-чатактар чыгып келет. Акыркы жолу 7-майда Баткен районунун Жака-Өрүк участкасында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Анда кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. 17 кыргызстандык жабыркап, анын 9у ооруканага жаткырылган.(VD/BkA)

XS
SM
MD
LG