Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

"Кыргыз-Кытай" газ кууру боюнча координациялык комитет түзүлдү


Кыргызстан менен Кытай Эл республикасы “Кыргыз-Кытай" газ куурун куруу жана ишке киргизүүнү көзөмөлдөгөн координациялык комитет түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

"Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед" ишканасы сала турган газ кууру Кыргызстандын аймагы боюнча 215 чакырымга созулат. Бул куур аркылуу Түркмөнстандан чыккан газ Кытайга жеткирилет.

Шанхайда меморандумга Кыргызстан тараптан кол койгон энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин айтымында:

- Кыргызстан үчүн бул долбоордун саясий-экономикалык мааниси бар. Мындай үч газ кууру коңшу өлкөлөр аркылуу Кытайга жетет. Ал эми эң узун куурдун Кыргызстан аркылуу өтүшү алдыдагы 30 жылда биздин өлкөгө эки жарым миллиард доллар түз пайда алып келет.

Координациялык комитет долбоорду ишке ашырууда каржы жана башка чарбалык иштерде чыккан маселелерди чечет. Ал эки өлкө тарабынан жетектелип, ар бир үч айда жыйын өткөрүп турат.

“Кыргыз-Кытай" газ куурун куруу боюнча келишимге 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюлган. Долбоордун жалпы баасы бир жарым миллиард доллар. Анын башталышы 2016-жылдын аягына пландаштырылган.

XS
SM
MD
LG