Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Нигерияда жардыруудан 118 адам мерт кетти


Шейшемди күнү Жос шаарынын эки жеринде болгон жардыруу 118 адамды апаат кылды. Мурдараак курман болгондордун саны 46 киши экени айтылып жаткан болчу. Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттик сөөктөрдүн көбү урандылардын астынан табылганын билдирди.

Күч органдарынын маалыматына ылайык, колго жасалган жардыргыч киши көп топтолгон аймакта токтоп турган жүк машинесинде жана автобуста жардырылган.

Бийлик муну исламчыл “Боко Харам” экстремисттик тобу ишке ашырган болушу мүмкүндүгүн айтып жатат.

XS
SM
MD
LG