Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Бажы биримдигине каршы чыккандардын баары бошотулду


Шейшемби күнү эртең менен кармалган активисттер кечки саат 8де бошотулду.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бажы биримдигине каршы чыгып кармалган активисттерден Бурул Макенбаевага жана Өндүрүш Токтонасыровго карата “кылган ишинде кылмыштын белгилери жок” деген чечим чыгарды. Башкаларга эскертүү берип, бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бурул Макенбаева кабарлады.

20-май күнү эртең менен Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы акцияга чыккан 6 активистти милиция кармап кеткен. Аларга Административдик кодекстин "күч кызматкерлерине жана бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө" беренеси боюнча айып тагылган.

Милиция аларды “акция тууралуу тиешелүү органдарга кеч кабар берген” деп күнөөлөп жаткан болчу. Ал эми активисттер муну акцияны үзгүлтүккө учуратуу максатындагы өкмөттүн аракети катары баалап жатышат.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдагы сапарынын алкагында журналисттерге маалымат жыйын куруп, “жол картага” качан кол коюлары белгисиз экенин айткан. Мамлекет башчы өлкө үчүн коркунуч, тобокелчилик жарата турган маселелер азайтылып, курчуп кетиши мүмкүн болгон жагдайлар эске алынмайынча андай документке кол коюлбай турганын белгилеген. (SE)

XS
SM
MD
LG