Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Шанхайда Азиядагы кызматташтык жана ишеним көрсөтүү саммити башталды


Кытайдын Шанхай шаарында Азиядагы кызматташтык жана ишеним көрсөтүү кеңешмесинин IV саммити башталды. Бул саммитке Орусия, Иран, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын президенттери баштаган 20 өлкөнүн лидерлери катышууда. Саммитте аймактагы коопсуздук, бул багыттагы кызматташтыкты күчөтүү маселелери каралат.

Жыйынды ачып жатып Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Азиянын коопсуздугу үчүн аймактагы ар бир өлкө жоопкер экенин эскертти.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев чек ара чатактарын жөнгө салууда куралсыз, күч колдонбой чечүүнү макулдашуу демилгесин көтөрөрүн билдирген.(VD/BkA)

XS
SM
MD
LG