Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Давутоглу: Азияга коопсуздуктун жаңы концепциясы зарыл


Азиялык бирикмеге соңку 4 жылдан бери төрагалык кылган Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу бул мезгил ичинде бирикмеге 24 өлкө мүчө, 9 мамлекет байкоочу болуп катталганын белгилеп, азыр бул уюм Азия аймагынын 90% камтып калганына басым жасады.

Түркиянын тышкы иштер министри 4 миллиардга жакын калкы бар Азияда коопсуздуктун демократиянын принциптерин эске алган концепция зарыл экенин айтты. Ал Азиядагы кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин катчылыгы эки жылда бир жыйын куруп жатканын, азыр андай аткаруучу орган Астанага көчкөнүн кабарлады.

Ушу тапта Шанхайда 24 мамлекетти бириктирген Азиядагы кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин IV саммити жабык эшик артында өтүп жатат. Бүгүнкү саммитте Владимир Путин, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев, Иран, Ооганстандын президенттери кандай билдирүү, же сунуш жасайт деге маселе көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев түштөн кийин сүйлөөрү белгиленген. Ал кечээ чек арадагы жана башка бардык кризис, чыр-чатактарды куралсыз, күч колдонбой жөнгө салууга үндөй турганын билдирген.(VD/BkA)

XS
SM
MD
LG