Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Атамбаев Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин козгоду


Бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Шанхайда өтүп жаткан Азиялык кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин IV саммитинде сүйлөдү. Атамбаев өз сөзүндө Борбор Азиядагы башкы жана маанилүү коркунучтарга токтолду. Кыргыз президенти Борбор Азия аймактык уюшма катары ыктымал коркунучтарга, чөлкөмдүк коопсуздугун коргоого даяр эместигине камтамчылыгын билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин пикири боюнча, буга бир нече фактор себеп болуп жатат жана башкы фактор катары аймактык коопсуздукту түшүнүүнүн бирдиктүү концепциясынын жоктугун атады. Ошондуктан, Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Азиялык кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин Европа коопсуздук жана кызматтыштык уюму сыяктуу туруктуу иштеген уюшмасын түзүү жана Кытай лидери Си Цзинпиндин Азиянын коопсуздугунун жаңы концепциясын иштеп чыгуу сунушун колдоду.(VD/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG