Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Ош: газдын жоктугуна нааразы болгондор жол тосту


Бүгүн Ош шаарынын СМУТТ кичирайонунун жүзгө чукул тургуну газдын жана электр жарыгынын өчүп жатканына нааразы болуп Ош-Араван жолун тосушту. Алар шаар бийлигинен электр жарыгы жана газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну талап кылышты. Чогулгандардын бири Шарипа Чырмашеванын “Азаттыкка” билдиришинче, тургундар жергиликтүү бийликтерге бир нече жолу бул маселе боюнча кайрылган. Бирок маселе чечилбегенинен улам аргасыз ушул жолго барышты. Акцияга чыккандарга Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев келип жолукту. Ал жарык тез арада берилерин жана газ боюнча өкмөт иш жүргүзүп жатканын айткан соң тургундар тарап кетишти.

Ош шаарында 14-апрелден бери газ жок. Өзбек тарап муну газ берүү келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштырган. Бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламентте газды жандантуу боюнча кыргыз тараптын өтүнүчүнө Өзбекстандын өкмөтү жооп бербей жатканын билдирген.(ErN/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG