Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Ооганстанда согушкерлер колунан 24 полиция кызматкери жок болду


Ооганстандын ар кайсы аймактарында согушкерлердин чабуулдарынан кеминде 23 полиция кызматкери набыт болуп, 12 киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн бийликтери кабарлайт.

Өлкө түштүгүндөгү Нангархар провинциясында административдик имаратта жанкечти жардыруу жасап, андан эки полиция кызматкери жан берип, дагы тогуз киши жарадар болгон. Алардын арасында райондун акими дагы бар. Чабуулдарды талиптер жасаганын мойнуна алды.

Лагман провинциясында согушкерлердин полициянын посторуна койгон чабуулунан жети кызматкер набыт кетти. Дагы алты кызматкер шейшембиде тоолуу Бадахшан провинциясындагы бекеттерге кол салууда жантаслим болду. Түштүктөгү Забул провинциясында эки апта мурда уурдалган сегиз полиция кызматкеринин сөөгү шаршембиде табылды. Ооганстанда талиптер 14-июнда өтчү президенттик шайлоонун экинчи айлампасын утурлай чабуулдарды күчөттү.

XS
SM
MD
LG