Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 23:23

Чек арадагы чырга байланыштуу 6 тажик жараны кармалды


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Тажикстан 6 адамды кармады. Бул тууралуу парламент жыйынында коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, чырга күнөөлүү делген адамдар учурда камакта. Мындан сырткары жаңжал учурунда кыргыз жарандарына келтирилген 7 миллион сомдук чыгымды коңшу өлкө төлөп бермей болгон.

Быйыл 7-майда Баткен районунун Жеке-Өрүк участкасында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Анда кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Чатактан 17 кыргызстандык жана 8 тажик жараны жабыркаган.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG