Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 19:34

Бишкекте оорукана жетекчиси шайлоо менен тандалды


Бишкектеги Эне жана баланы коргоо боюнча Улуттук борбордун директору шайлоо жолу менен тандалганын уюштуруу комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жетекчиликке үч талапкер: Мухтар Ашыралиев, Таалайбек Буйлашев жана Камчыбек Узакбаев ат салышкан. Натыйжада миңден ашык кызматкер иштеген борбордун жамаатынын 80 пайыз добушу менен Камчыбек Узакбаев кайрадан директор болуп шайланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG