Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Нигерияда уурдалган кыздарды издөөгө АКШнын 80 аскери тартылды


Аскерлер “Боко Харам” исламчыл тобунун мүчөлөрү уурдап кеткен нигериялык окуучу кыздарды издөө иштерин коңшу Чад мамлекетинде жүргүзүп жатат.
Бул тууралуу президент Барак Обаманын билдирүүсүнө таянып “Вашингтон пост” гезити жазып чыкты.

Бир ай мурда уурдалган кыздар учурда дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган кайгылуу окуялардын бири болуп турат. “Бокохарамчылар” жакында ал кыздарды кулчулукка сатарын жарыялаган.

Өспүрүмдөрдү издөө Нигерияга коңшу аймактарда да жүргүзүлүп жатат.

Чибок шаарында 14-апрелде "Боко Харам" тобунун мүчөлөрү 276 кызды мектептен уурдап кеткен. Алардын 53ү качканга үлгүргөн. 223ү дагы деле барымтада.

XS
SM
MD
LG