Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Парламентте өкмөттүн отчетун угуу бүгүн да уланат


Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөр боюнча берген маалыматы кечээ, 21-майда депутаттардын сынына кабылып, отчетту угууга жана аны талкуулоого дагы бир күн убакыт бөлүнгөн.

Шаршембидеги жыйынга премьер-министр менен кошо өкмөт мүчөлөрү, мекеме жетекчилери жана жарандык коом өкүлдөрү катышкан.

Депутаттар өкмөттүн экономика тармагындагы өсүш боюнча берген маалыматына сын-пикирлерин айтып, отчеттогу көрсөткүчтөр элдин чыныгы турмушу менен дал келбей турганын белгилешкен.

2013-жылы өкмөттү Жантөрө Сатыбалдиев башкарган. Ал отставкага кеткен соң көпчүлүк коалиция премьерликке Оторбаевди тандаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG