Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

Шанхай декларациясы мыйзамдуу бийликти кулатууну жактабайт


Шанхайда өткөн Азия кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин IV саммитинде 21-май күнү кабыл алынган декларцияга ылайык, уюмга мүчө өлкөлөр коопсуздук жаатында кызматташууну арттырышы зарыл.

Ошондой эле декларацияда бир да мамлекет же өлкөлөр бирикмеси кай бир аймакта стабилдүүлүк орнотуу милдетин өзүнө албашы жана мыйзамдуу бийликти кулатууга жардам бербеши, башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө жол коюлбашы керектиги айтылат.

Документке кол койгон бир да мамлекет башка өлкөнүн эсебинен өз коопсуздугун бекемдебеши керек.

Он чакты беттен турган декларацияда Палестина мамлекетин түзүү ишке ашпай жатканына тынчсыздануу да билдирилген. Улуттар уюмунун резолюцияларын аткарып, Жакыңкы Чыгышта көз каранды эмес Палестина мамлекетин түзүүгө чакырылган.

Ооганстанда тынчтык жана жарашуу жараяны жалаң ооган эли тарабынан ишке ашышы керектиги да айтылат. Ошондой эле Армения менен Азербайжан ортосундагы эрегиш региондогу коопсуздукка коркунуч келтирип жатканы жазылган.

Азия кызматташтык жана ишеним орнотуу кеңешмесинин туруктуу катчылыгы Астанада ачылды. Эмки саммит 2018-жылы өтөт. (VD\SE)

XS
SM
MD
LG