Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Электр энергиясына жаңы тариф боюнча сунуш өкмөткө жөнөтүлдү


Бул тууралуу Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча агенттиктин директору Миргүл Айдарова билдирди. Анын айтымында, электр жарыгына бааны көтөрүү боюнча иштелип чыккан программа өкмөттүн кароосуна жиберилди. Ошол эле учурда аймактарда бул боюнча коомдук талкуулар өтүп жатат. Талкуулардын жыйынтыгында коомчулуктун пикирин эске алып тарифтик саясатка өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Буга чейин Энергетика жана өнөр жай электр энергетикасы боюнча жаңы тарифтерди коомчулуктун талкуусуна алып чыккан. Ага ылайык, жаңы жайкысын айына 300 кВт/сааттан ашык колдонгондорго 1 сом 20 тыйын, кышкысын 600 кВт/саат энергиядан көп колдонгондорго 2 сом 20 тыйынга чейин жогорулатууну сунуштаган. Муну министрлик электрдин учурдагы баасы өндүрүүдөгү чыгымдарды актабай жатканы менен түшүндүрүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG