Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Депутат газ боюнча жооптууларды жазалоону сунуштады


Мындай маселени өкмөттүн былтыркы отчету талкууланып жаткан бүгүнкү парламент жыйында “Ата-Журт” фракциясынан депутат Кантемир Мурзалиев көтөрдү. Анын айтымында, Ош шаарында 40 күндөн бери газдын жок болгонуна тиешелүү жетекчилер жооп бериши зарыл. Ошондуктан депутат премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кайрылып, бул маселе боюнча жооптуу адамдарды иштен алууга чакырды.

Өкмөттүн жоопкерсиз болуп жатканына депутат Улукбек Кочкоров да кайрылды . Анын айтымында, былтыр чек ара аймагында 50 жаңжал катталса, ага бир дагы жетекчи жооп берген эмес.

Ош шаарында 14-апрелден бери газ жок. Өзбек тарап муну газ берүү келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштырган. Бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламентте газды жандантуу боюнча кыргыз тараптын өтүнүчүнө Өзбекстандын өкмөтү жооп бербей жатканын кайра кайталады. (BkA)

XS
SM
MD
LG