Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Үрүмчүдөгү кол салуудан 31 киши каза болду


Кытайдын Үрүмчү шаарынын базарындагы кол салуудан бери дегенде 31 киши каза тапты, 90 чакты адам жарадар болду. Белгисиз адамдар эки унааны эл топтолгон жерге айдап, терезелеринен жардыргыч заттарды ыргытышкан.
Шинжан автономиялуу аймагынын өкмөтү окуяны “олуттуу, өтө ырайымсыз террордук иш-аракет” деп атады.

Акыркы убакытта Кытайдын бул бөлүгүндө зордук-зомбулук күчөдү. Бээжиндин ырастоосунда, аймактагы исламчыл жикчилер чет өлкөлүк топтордун колдоосу менен террордук кооп жаратышууда. Кытай бийлигинин сынчылары болсо террордук коркунуч тууралуу билдирүүлөр көбүртүп-жабыртылган, жергиликтүү уйгурлардын тополоңуна экономикалык теңсиздик менен диний куугунтук себеп болууда дешет.

XS
SM
MD
LG