Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Токтогулда суу азайышы боюнча иликтөө жүрүүдө


Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун азайып кетишин атайын комиссия иликтеп жатат. Анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да кирген.

"Эгерде комиссия кимдир-бирөөнүн күнөөсү бар экенин далилдесе, анда алар сөзсүз жазасын алат", - деп ишендирди министр.

Расмий маалымат боюнча, ушу тапта суу сактагычтагы суунун көлөмү 9 миллиард кубду түзүүдө. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. Мындан улам электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында Кыргызстан Тажикстандан 600 миллион кВт/саат электр кубатын сатып алууну мерчемдөөдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG