Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Роухани атомдук программа боюнча келишимге үмүт артууда


Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран жана 6 держава Ислам жумуриятынын атомдук программасы боюнча келишимге 20-июлга чейин жетишүүсү мүмкүн деп эсептейт.

Мындай оюн ал Шанхайда регионалдык коопсуздук боюнча саммитте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын алдында, 16-майда Венада Ирандын Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия кирген топ менен сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы жыйынтыксыз аяктаган.

Бирок Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик 21-майда билдиргенине караганда, Иран 25-августка чейин ядролук программасы боюнча көптөн бери көз жаздымда калтырып келаткан суроолорго жооп берүүгө макулдугун берди.
Жогоруда айтылган 6 мамлекет Иран атомдук энергия тармагындагы иштерин чектесе, айрым санкциялар алынып салат деп сунуш кылууда.

Тегеран программасынын айрым бөлүктөрүн убактылуу токтоткон. Ал үчүн санкциялар бир аз жеңилдетилген. Жарым жылга мерчемделген мындай макулдашуу 20-июлда соңуна чыгууда.

XS
SM
MD
LG