Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Жумгалда жоголгон милиционердин сөөгү суудан табылды


Нарындын Жумгал районунун сотундагы кол салуудан соң дайынсыз кеткен милиция кызматкери Рустам Токтогуловдун сөөгү Жумгал суусунан табылды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде райондогу Беш-Арал айылынын тушунан агып өткөн Жумгал суусунан белгисиз адамдын сөөгү табылган. Бүгүн бул сөөктү быйыл февралдан бери дайынсыз болуп жаткан Токтогуловдун сөөгү экенин туугандары таанышты.

Былтыр Кара-Кече көмүр кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө Рустам Токтогулов баш болгон үч милиционер айыпталган. 20-февралда маркумдун жакындары Жумгал райондук сотунун залында аларга бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Бул кол салуудан качып баратып Токтогуловдун Жумгал суусуна түшүп кеткени айтылып, бирок куткаруучулар анын сөөгүн таппай жатышкан. Окуя боюнча кылмыш иш козголуп, 10 адам камакка алынган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG