Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Ооганстанда талиптер 27 полициячыны барымтага алышты


Ооганстандын Бадахшан чөлкөмүндө Талибан согушкерлери 27 полициячыны барымтага алышты.

Жергиликтүү полиция бөлүмүнүн башчысы генерал Фазелуддин Аярдын биздин радиого билдиргенине караганда, алар Ямган районунда талиптер менен аткылашып жатышкан. Район аксакалдарынын арачылыгы менен полициячылар ок атышууну токтотууга, куралдарын таштап, талиптер менен кетүүгө көнүшкөн. Аларды издөө иштери уланууда. Ошол эле күнү Ямганда согушкерлердин колунан 6 полициячы каза тапкан.

Жаздын келиши менен Талибан жылдагыдай эле чабуулдарын күч алдырууда. Согушкерлер ошондой эле 14-июнда президенттик шайлоонун экинчи айлампасын үзгүлтүккө учуратарын эскертишүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG