Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Таиландда бийликке аскерлер келишти


Таиландда мамлекеттик төңкөрүш болду. Бүгүн армиянын кол башчысы, генерал Прают Чан-Оча өкмөт анын көзөмөлүнө өткөнүн билдирди. Эки күн мурун өлкөдө аскерий абал киргизилген.

Генерал мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөгөн кезинде армия өлкөдө тартип орнотууну жана саясий реформаларды жүргүзүүнү көздөрүн айтып, нааразылык акциялары өтүп жаткан аянттар демонстранттардан тазаланарын кошумчалады. Аскерлердин келиши Таиланддын башка мамлекеттер менен мамилелерине таасир тийгизбейт, - деди Прают Чан-Оча.

Кечээ Бангкокто өкмөт жана оппозициялык партиялардын өкүлдөрү сүйлөшө баштаган. Бирок алар саясий кризисти жөнгө салуу боюнча мунасага келе алышкан эмес.

Өкмөт менен оппозициянын тирешүүсү ноябрдан бери уланып келатат. Ал эми айдын башында сот Йинглак Чинаватка бийлигинен кыянат пайдаланган деген кине тагып, премьер-министрликтен убактылуу алуу чечимин чыгарган. Ошондон бери өлкөнү башкаруу утурумдук кабинетке өткөн.

XS
SM
MD
LG