Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Ооганстандын мурдагы вице-президенти Ганиге колдоо билдирди


Ооганстандын мамлекет башчылыгына талапкер Ашраф Гани мурдагы вице-президент Ахмад Зиа Масуддун колдоосуна ээ болду. Шайлоонун биринчи айлампасында улуту боюнча пуштун Гани добуштардын 31,6 пайызын алган.

Атаандашы, жарымы тажик Абдулла Абдулла 45 пайыз чогулткан. Экинчи айлампа 14-июнда өтмөкчү.

Этникалык тажиктердин белгилүү өкүлү Масуд Ганинин тарапкерлеринин саны көбөйөт деп күтүлүүдө. Гани советтик аскерлерге каршы күрөшкөн даңазалуу талаа командири Ахмад Шах Масуддун иниси Залмай Расул менен биргелешип вице-президенттик үчүн ат салышкан. Расул марага үчүнчү болуп келген.

22-майда экинчи айлампа алдындагы кампания расмий башталды.

XS
SM
MD
LG