Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Ооганстандан келген кайрылман милициянын үстүнөн даттанды


Ооганстандан көчүп келип, Чоң-Алай районунда жашап жаткан кыргыз тектүү Заит Тамир анын үй-бүлө мүчөлөрү милициянын кысымына кабылып жатканын айтып, укук коргоочуларга кайрылды. Айтымында, 21-май күнү милиция кызматкерлери үйүн текшерип, паспорт ала албай жүргөн 27 жаштагы кызынан 100 доллар пара талап кылган. Болбосо “Кыргызстандан депортация кылабыз” деп опузалаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” коомдук ишмер Акылбек Атабаев билдирди:

- Ушул окуядан кийин Заит Тамир мага кайрылды. Дароо күч органдары менен байланышып, райондук Ички иштер бөлүмүнө чалдым. Милиция кызматкери кетирген кемчилигин моюнуна алып, кыздан жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

Атабаевдин айтымында, кайрылман үй-бүлө милиционерге 2000 сом берген. Коомдук ишмердин аралашуусу менен күч кызматкери анын 1000 сомун кайтарып, 1000 сомун айыппул катары алып калган.

Окуя боюнча Ош облустук Ички иштер башкармалыгы милициянын сурагына кабылган айым Кыргызстанга келгенине 6 жыл болсо да каттоого турбаганын жүйө келтирүүдө. Милиция кызматкери ага айыппул салган, бирок өз убагында протокол түзгөн эмес. Бул үчүн жетекчилик тарабынан сөгүш алды.

Милициянын опузасына кабылган Заит Тамирдин үй-бүлөсү 15 жыл мурда көчүп келген. Өзү жана жубайы кыргыз жарандыгын алган. Эки кызы дагы эле паспорт ала албай жүрөт. Бир кызы документ алуудагы кыйынчылыктардан улам, Түркияга кетип калган. (SE\SA)

XS
SM
MD
LG