Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жалал-Абадда качкындарды кабыл алуу боюнча машыгуу өтүүдө


Коңшу өлкөлөрдөн качкындар келген учурда аларды кабыл алуу, жайгаштыруу жана көмөктөшүүгө арналган машыгуу 22-майда башталган. Ал бүгүн да уланарын иш-чараны өткөрүп жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Машыгуу Сузак районунун Өзбекстанга чектеш Жийде, Базар-Коргон районунун Хажир-Абад айылдарында өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда ооганстандык 37 качкын бар.

2005-жылдын 13-майында Анжиян окуясы учурунда Өзбекстандан Сузактын Кара-Дарыя айылына 539 адам качып өткөн. Алардын 434ү ошол жылы августта Жалал-Абаддагы аэропорттон чет өлкөгө жөнөтүлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG