Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Нигериядагы “Боко Харам” тобу БУУнун "кара тизмесине" кирди


БУУнун Коопсуздук кеңеши Нигерия өкмөтүнүн суранычы менен исламчыл “Боко Харам” тобун бейшембиде "кара тизмеге" киргизди. Уюмдун чечиминде “Боко Харам” “ал-Каида” уюмунун бир бөлүгү катары сыппатталган.

АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр бул “Боко Харам” менен күрөшүүдөгү негизги кадам экенин айтып, уюм мүчөлөрү жасап жаткан иштери үчүн жооп берерин кошумчалады.

Өткөн айда “Боко Харамдын” согушкерлери Нигериянын Чибок шаарында 276 кызды мектептен уурдап кеткен. Алардын 53ү качканга үлгүргөн, 223ү дагы деле барымтада.

XS
SM
MD
LG