Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Парламентте адам укуктары боюнча коомдук угуу өтөт


“Адам укуктары боюнча кеңеш” уюму бүгүн парламентте жарандардын укугуна арналган коомдук угуу өткөрөт. Анын негизинде июнь айында “өкмөттүк күн” уюштурулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун жетекчиси Гүлжамал Султаналиева билдирди:

- Адам укуктары боюнча жалпы маалыматты камтыган "өкмөттүк күн" Кыргызстанда алгачкы ирет уюштурулат. Аны өткөрүүгө биздин докладыбыз да негиз болот. Негизги максат - адам укуктарын сактоо маселелери боюнча жарандык коом менен бийлик органдарнын байланышын чыңдоо.

Уюмдун бул сунушу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети тарабынан колдоо тапкан.

Кыргызстанда адам укуктары жаатында этностук, диний жана сексуалдык азчылыктар арасында көйгөй бар экени айтылып келет. Ошондой эле укук коргоочулар абактарда кыйноолор токтой электигин белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG