Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Бишкекте Токтогулдун 150 жылдыгы белгиленүүдө


Бишкектеги Улуттук филармонияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанат өтүп жатат. Ага мамлекет жетекчилери, маданият ишмерлери катышып жатат. Анда президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Куттуктоосунда Атамбаев Токтогулдун кыргыз маданияты, тарыхы үчүн маанисин белгилеп, учурдагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн да үлгү экенин билдирген.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму быйылкы жылды Токтогул Сатылгановдун жылы деп жарыялаган. Буга байланыштуу өлкө боюнча улуу акындын мааракесине арналган иш-чаралар уюштурулууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG